Радикалдуу диний топ түзүүнү көздөгөн чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал өлкөгө жакында эле киргенин белгилеп, кыргызстандык жаштарды тартуу менен жашыруун топ түзүүнү көксөгөнүн маалымдады. Анын өлкөгө кирүүсүнө узак мөөнөткө тыюу салынган.