
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу 24-февралда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ж. аттуу жаран 2025-жылдын 1-ноябрында соода базарлардын биринде Б.Б. аттуу жарандын ишенимине кирип, алдоо жолу менен 564 миң сом суммасындагы аялдардын кийим-кечелерин сатууга алып, белгиленген убакытта акча каражатын кайтарбай, изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган Я.Ж. аттуу жаран камакка алынды.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.