Биз социалдык тармакта

Бишкекте өспүрүмдүн уюлдук телефонун тартып алган шектүү кармалды

Борбор калаада өспүрүмдүн уюлдук телефонун тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу 24-февралда шаар милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-февралда болжол менен 00:30да Кулиев көчөсүндө белгисиз адамдар 2008-жылы туулган жашы жете элек М.С.га таандык баасы 38 миң сом болгон Samsung A-25 үлгүсүндөгү уюлдук телефонду ачык түрдө тартып алышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1998-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Р.Д. аттуу жаран шектүү катары кармалды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан