Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу төрт күнгө узартылды. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркул Кендирбаева социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Анын айтымында, быйыл окуу жылы салттагыдай 25-майда эмес, 29-майда жыйынтыкталат.
"Урматтуу ата-энелер, мугалимдер! Агартуу министрлиги сиздердин окуучулардын жазгы эс алуусу аз болуп калды деген өтүнүчтөрдү, кайрылууларды эске алды. Окуучулардын эс алуусун 2-7 мартка узартылды, же 4 күн кошуу чечимин кабыл алдык. Ал эми окуу планын аткарууга керектүү 4 күндү май айында кошумча окуйбуз. Тактап айтканда, окуу жылы салтка айланган 25-майда эмес, 29-майда аяктайт. Акыркы коңгуроо 29-майда болот", - деп жазган Кендирбаева.