Биз социалдык тармакта

Мекке шаарында калпак кийген чет элдик суктануу жаратты

Социалдык тармактарда Мекке шаарында тартылган видео кеңири тарады. Анда африка тектүү жаран кыргыз улуттук баш кийими – калпак кийип алып, жолдо автоунааларды тыгынсыз өткөрүүгө жардам берип жатканын көрүүгө болот.

Видеодо ал жол кыймылын жөнгө салууга көмөктөшүп, айдоочуларга багыт көрсөтүп жатканы байкалат. Колдонуучулар анын баш кийимин дароо байкап, кыргыз калпагын чет өлкөдө көргөнүнө кубанычтарын билдиришкен.

Айрымдар таң калуусун жашырбаса, көпчүлүгү жакшы пикирлерди калтырып, улуттук баш кийимдин дүйнөнүн ар кайсы бурчунда урматталып жатканына суктануу билдиришүүдө.

Мекке шаарында тартылган видео кеңири тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан