Бүгүн, 23-январда саат 08:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкү түштү. Анын көлөмү 670 метр кубду түзгөн. Жабырлануучулар жок. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда унаа жолу толугу менен кардан тазаланып, жол кыймылы калыбына келтирилди.