Айыл чарба министри кызматынан алынган Бакыт Төрөбаевге "Айыл чарбасынын отличниги" төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Маалымдалгандай, төш белги Төрөбаевге министрликтин эмгек жамааты менен коштошуу учурунда берилген. Министрликтин эмгек жамааты аны менен жылуу коштошуп, эки жыл ичинде тармакка олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизгенин белгилешкен.
Айта кетсек, Эрлист Акунбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.