Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Эрлист Акунбековду министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Касымалиев министрдин милдетин аткаруучунун алдына бир катар негизги милдеттерди койгон. Тааныштырууга мурунку министр Бакыт Төрөбаев да катышкан.
Айта кетсек, айыл чарба министри кызматынан алынган Төрөбаевге "Айыл чарбасынын отличниги" төш белгиси ыйгарылганы маалым болду.