Биз социалдык тармакта

Коопсуздук кызматынын адиси айдоочуну сабаган деп камакка алынды

Бишкекте айдоочуну сабап, телефонун ыргытып жиберүүгө шектелип инкассатор кызматкери кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 24-февралда калаанын 7-апрель көчөсүндө болгон. 34 жаштагы жаран Укук бузуулар кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Инкассатор - бул накталай акчаны банкка же башка белгиленген жерге коопсуз жеткирүүчү коопсуздук кызматынын адиси. Алар атайын куралданган, брондолгон унаалар менен жүрүшөт.

Коопсуздук кызматынын адиси айдоочуну сабаган делип камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан