Таласта милиция кызматкери Түркия жаранын алдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр апрель айында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери түркиялык адамдын ишенимине кирип, 35 миң 500 долларын ээлеп алган. Тагыраагы, ал түркиялык инвестор менен кымбат баалуу чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, андан ары Түркияга экспорттоо боюнча макулдашкан. Бирок ал убадасын аткарган эмес.
Мындан улам былтыр октябрь айында инвестор милицияга арыз жазган. Бирок ИИМдин тергөөчүлөрү кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Айласы кеткен инвестор быйыл 27-январда УКМКга кайрылган.