Кыргызстандын аймагында бүгүн, 25-февралда саат 5:07 чамасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Мындай маалымат Сейсмология институтунун расмий сайтына жарыяланды.
Билдирүүгө таянсак, жер силкинүүнүн очогу Кызыл-Тоо айылынан 2 чакырым түндүк-чыгышта, Кайрат айылынан 4 чакырым түштүк-чыгышта, Заргер айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Эркин-Тоо айылынан 6 чакырым түндүк-батышта, Маяк айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Өзгөндүн Кайрат, Заргер, Кызыл-Тоо айылдарында 3 баллга чейин, ал эми Эркин-Тоо, Маяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.