Биз социалдык тармакта

Талант Дүйшөбаев Франциянын гандбол курама командасынын машыктыруучусу болду

Теги кыргыз Талант Дүйшөбаев Франциянын гандбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу болду. Бул тууралуу Франциянын Гандбол федерациясы билдирди. Федерациянын маалыматына ылайык ал 16-мартта ишин баштайт.
"Франциянын курама командасын машыктыруу мен үчүн чоң сыймык. Бул менин кыялым болчу, анткени Францияда мыкты оюнчулар бар. Менин максатым - жөнөкөй ушул команда менен бардык турнирлерде жеңүү, айрыкча Германия менен Данияга каршы үстөмдүк кылуу",- деди ал.

Талант Дүйшөбаев 1992-жылдагы Олимпиада чемпиону, 1993-жылдагы Дүйнө чемпиону, Европа жана Олимпиада оюндарынын медаль ээси, ошондой эле Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү жана башкы машыктыруучу. Франция Дүйшөбаевге улуттук курама команданы башкарууну тапшырган биринчи өлкө эмес. Буга чейин 2014-жылы ал Венгриянын курама командасын 2016-жылдагы Олимпиада оюндарына квалификациядан өткөрүүгө аракет кылган, андан соң 2016-жылы Польшанын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болуп ишин уланткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан