Биз социалдык тармакта

Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелип 25 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте коомдук жайларда телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Свердлов райондук милициясына баасы 150 миң сом болгон iPhone 17 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдаткан жаран карылган. Ал телефонду Чүй проспекти менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар уурдаганын билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголду.

Натыйжада шектүү катары 2000-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын эл көп чогулган коомдук жайларда жасалган төрт чөнтөк уурулукка тиешеси бар экени аныкталды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан