Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун тургуну өлкө башчы Садыр Жапаровдун портретин чүкө менен жасап, көпчүлүктүн суктануусуна татыды. Тийиштүү видеону анын жакындары жарыялашты.
Сүрөтчүнүн айтымында, мындай эмгекти жаратуу үчүн 3100 чүкө керектелген.
"Портрет улуттук өзгөчөлүктү жана кыргыз элинин салттуу оюн-зоок маданиятын чагылдырган оригиналдуу эмгек. Ар бир чүкө кылдат жайгаштырылып, образ так жана таасирдүү берилген",- деп билдирүү калтырган видеону бөлүшкөн жаран.