
Москва районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январда Ак-Суу айылынын 48 жаштагы тургуну өз үйүндө 44 жаштагы кошунасы менен чогуу спирт ичимдигин ичкен. Алардын ортосунда чыр чыгып, кошунасы анын денесине залал келтирген. Натыйжада ал 7-январда райондук оорукананын травматология бөлүмүнө кайрылган.
Соттук-медициналык экспертиза дене жаракаттары анын өмүрүнө коркунуч келтирген деген тыянак чыгарган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.