Ош шаарында ооган тектүү баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөн деп, мурда баңгилик кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу 25-февралда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1986-жылы туулган Б.Ш.А. аттуу жаран кармалды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.