Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу 25-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Канатбек Маматов шаар мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору болуп дайындалды. Ал буга чейин департаменттин билим берүү, спорт, дене тарбия жана массалык иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Рустам Алишеров департаменттин директорунун орун басары болуп дайындалды. Ал мурда шаар мэриясынын Борбордук аппаратынын уюштуруу - көзөмөлдөө иштери боюнча башкармалыгынын Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору болуп иштеген. Тиешелүү буйруктарга калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан