Биз социалдык тармакта

Кафелер жарандарга ККМ чегин милдеттүү түрдө бериши керектиги айтылды 

Кафе жана ресторандарда эсептешүү учурунда кардарга көзөмөл-кассалык машинанын фискалдык чеги милдеттүү түрдө берилиши керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк учурда ККМ чектин ордуна кардарларга мекеменин эсептик программасында түзүлгөн тамактын аталышы жазылган тизмени гана беришет.

"Мындай документтер фискалдык чектер болуп саналбайт, төлөө фактысын тастыктабайт жана салык системинде катталбайт. Ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдүн мындай аракеттери чыныгы кирешелерди жашырууга жана салык төлөөдөн качууга багытталган",- деп билдирди министрлик.

Салык кызматы жарандарды кафе жана ресторандарда төлөм жүргүзүүдө фискалдык чекти талап кылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан