Бишкекте 36 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 2021-жылдын 15-январында жабырлануучунун Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан батирин үчүнчү жактарга сатып жиберген. Натыйжада батир ээси 3 миллион сомдон ашуун чыгымга учураган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.