Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетмекчи.
Мекеме тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.