
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны
Залкарбек Табалдиев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан "MUHAMET MALO-2026" эл аралык рейтингдик турниринде коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Спортчу 70 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде мелдешти 1/8 финалдан баштады.
Биринчи беттеште ал чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дагы бир өкүлү Рустам Кахаровго кез келип, аны 12:1 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда Калоян Атанасов аттуу болгариялык балбанды 14:3 ири эсепте жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда балбан 0:10 эсебинде Алек Вилльям Понталеого утулуп калды.
Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште мексикалык Аустин Кли Гомез аттуу каршылашы жаракат алганына байланыштуу коло медаль кыргызстандык балбанга ыйгарылды.