Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине алтын куймасын пара катары берүүгө шектүү 48 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 26-февралда билдирди.
Такталгандай, шектүү салмагы 200 грамм болгон 2 алтын куймасын иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн берип жатканда кармалган.
Азыркы учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.