
Өлкө аймагында соңку суткада 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылган.