2013-жылы региондордо 368 спорттук-массалык иш-чаралар уюшулган. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы уюшулган иш-чаралардын 352си спорттук иш-чаралар болсо, 16 машыгуу сбору уюшулган. Аларга катышкандардын жалпы саны 105 миңди түзгөн.
Андан тышкары Жылан жылында 31 спортчу “КРнын Спорт чеберине”, 11 спортчу “Эл аралык даражадагы спорт чеберине” айланган.