
Транспорт жана коммуникациялар министри
Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу 26-февралда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды. Тактап айтканда, "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо" долбоорунун аткарылышы текшерилип, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди. Өтмөк ашуусун тейлеген №36 Жол тейлөө ишканасына жүргүнчүлөр үчүн үзгүлтүксүз каттам уюштуруу тапшырмаларын берди.
Ошондой эле Солтобаев жооптуу кызматкерлерге берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууну, жолдун сапатына жана коопсуздук талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.