Биз социалдык тармакта

Ошто бир кылым турган мектептин ордуна жаңы билим уясы салынат (видео)

Ош шаарындагы бир кылым турган мектептин ордуна жаңы билим уясы салынат. Бул тууралуу 26-февралда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы Курманжан Датка көчөсү, 97 дарегинде жайгашкан №3 Ломоносов мектебинин эски имараты буздурулду, ордуна 750 орундуу жаңы мектеп салынат.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө курулат. Жаңы мектептин аянты 10 600 чарчы метрди түзүп, 5 блоктон турган 4 жана 3 кабаттуу имарат тургузулат. Кенен окуу класстары, китепкана, компьютердик класс, ашкана, жыйындар залы жана эл аралык стандарттарга жооп берген спорт залы болот.
Ошто бир кылым турган мектептин ордуна жаңы билим уясы салынат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-02-26 15:04:00
Билимге умтулбаган мамлекет - өнүккөн өлкөлөр үчүн чийки зат жана арзан жумушчу күч бойдон кала берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан