
2025-жылы бир жолку берилүүчү "Балага сүйүнчү" төлөмүн 136 миң 568 бала алды. Бул тууралуу 26-февралда Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп төрөлгөндөр. Бир жолку төлөм ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.
Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.