Биз социалдык тармакта

Бишкекте пара берүүгө шектүү жаран кармалды (видео)

Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине пара берүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 26-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет мамлекетте катталган Toyota Crown үлгүсүндөгү транспорт каражатын Кыргызстандын жасалма мамлекеттик номурун колдонуу менен башкарып бара жаткан К.А. аттуу жаран аныкталып, унаасы атайын айып короосуна киргизилген.

Бирок айдоочу унаасын мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартпастан кайтарып алуу максатында, кызматкерлерге пара берүү аракетин көргөн. Кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерине акча каражатын берген учурда кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Бишкекте пара берүүгө шектүү жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан