Бишкек мэриясынын Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн жумушчу комиссия калаа аймагында жайгашкан бир катар көрүстөндөрдү карап чыгышты.
Комиссиянын мүчөсү, шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков социалдык тармактагы баракчасына көрүстөндөрдүн биринен тартылган видео жарыялады.
Анда анын тирүү туруп өзүнө эстелик тургузуп алган аял жөнүндө угуп, "өзүнүн сүрөтүн да коюп алган" деп таң калып жатканын угууга болот. Видеого тартылган эстеликте аялдын аты-жөнү жана 1957-жылы туулганы көрсөтүлгөн. Бирок каза болгон жылы жазыла элек.
Депутатка алар ошол аял өзүнүн эстелигин сүртүп, тегерек-четин тазалап жүргөнүн жана бир орун 20 миң долларга чейин сатылып келгенин айтып беришкен.