Ош шаарында жаан-чачындан кийин арыктар тазаланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы тынымсыз жаан-чачындын кесепетинен ирригациялык арыктарга таштандылар агып келип, айрым аймактарда суу топтоп, көчөлөрдө ыңгайсыздык жаралган.
Учурда Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери арыктарды тазалап, суу өтмөктөрүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Мындай иштер үзгүлтүксүз улантылып, абал көзөмөлгө алынды.