Биз социалдык тармакта

Жол эрежесин одоно бузган чет элдик жарандын унаасы айып короого токтотулду (видео)

Чүйдө жол эрежесин одоно бузган чет элдик жарандын автоунаасы айып короого токтотулду. Бул тууралуу облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 25-февралда Сокулукта Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа каптал айнектери караңгылатылган абалда бара жатканда токтотулду. Аны 1988-жылы туулган Е.Р. аттуу чет элдик жаран башкарып жүргөн. Анын жанында айдоочулук күбөлүк да, каптал айнектерин караңгылатууга тиешелүү уруксат кагазы да болгон эмес.
Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар кодексинин 184-беренесине (Айдоочунун айдоочулук күбөлүгүн алып жүрбөгөндүгү), 194-3-беренесине (Автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу) ылайык административдик протоколдор түзүлүп, унаа айып короого киргизилди.
Жол эрежесин одоно бузган чет элдик жарандын унаасы айып короо жайына токтотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан