Кечээ, 22-январда старт алган дзюдо боюнча Кыргызстандын уландар жана кыз-келиндер арасындагы биринчилигинин биринчи күнүндө 6 салмакта чемпиондор аныкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн дагы 8 салмак категориясы чемпиондук күрөштөр орун алат.
Дзюдо боюнча өлкө чемпиону аталгандар:
48 килограмм салмакта - Айзада Жаниева (Олимпиадага даярдоо борборунун дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр спорттук мектеби)
52 кг - Ксения Белдягина (Олимпиадага даярдоо борборунун дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр спорттук мектеби)
57 кг - Гүлжаз Саимова (Олимпиадага даярдоо борбору)
60 кг - Арген Бактыбек уулу (Олимпиадага даярдоо борбору)
66 кг - Ислам Баялинов (Олимпиадага даярдоо борбору)
73 кг - Руслан Жаныбек уулу (Олимпиадага даярдоо борбору)