Биз социалдык тармакта

Бишкекте 5 миллион сом суммасында алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Бишкек шаарында 5 миллион сом суммасындагы алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу 27-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, С.А. аттуу жаран К.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, зер буюмдарды сатуу шылтоосу менен жалпы суммасы 5 миллион 154 миң 600 сомдук алтын буюмдарды ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан