Бишкекте 12 миллион сом суммасындагы алдамчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалым болгондой, Свердлов райондук милициясына 70 жаштагы Л.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштыргандар анын 12 миллион сом акчасын алдап алып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 2007-жылы туулган Т.К., 2006-жылы туулган А.М. жана 2003-жылы туулган А.К. аттуу шектүүлөр кармалышты. Тергөө уланууда.
Милиция акча сунуп карта ачып берүүнү же колдонуп жүргөн картаны сатып алууну сунуштагандар болсо дароо 102 кызматына кайрылууга чакырат. Алар алдамчылар экендиги эскертилди.