Биз социалдык тармакта

Чүйдө коңшулар ортосундагы чатак өлүм менен аяктады

Чүй облусунун Чалдыбар айылында коңшулар ортосунда чыккан чыр өлүм менен аяктады. Бул тууралуу 27-февралда облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-февралда саат 09:00 чамасында 1976-жылы туулган Ш.Р. аттуу жарандын үйүндө 1958-жылы туулган Т.И. аттуу коңшусу менен бирге спирттик ичимдиктерди ичип отуруп, ортодо сөз чатагы чыккандыгы аныкталды. Чыр учурунда Ш.Р. Т.Иге бир жолу оң санга бычак менен сокку урган. Натыйжада Т.И. алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1976-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран кармалды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан