Биз социалдык тармакта

Ошто коңшу өлкөнүн жараны синтетикалык баңгизат менен кармалды

Ош шаарында коңшу өлкөнүн жараны синтетикалык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу 27-февралда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында 1 килограммдан ашык синтетикалык баңгизатты өзүнүн күрөң түстөгү сумкасына катып бара жаткан учурда коңшу өлкөнүн 2006-жылы туулган Л.Я.Д. аттуу жараны кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Азыркы убакта аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошто коңшу өлкөнүн жараны синтетикалык баңгизат менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан