Биз социалдык тармакта

Сузакта мал уурулук менен алектенген жарандар кармалышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал уурулук менен алектенген жарандар кармалышты. Бул тууралуу 27-февралда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 23-декабрдан 24-декабрга караган түнү 1989-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын жолдошу көмүр алууга сарайга кирсе, байланып турган, базар баасы 80 миң сомду түзгөн ую ордунда жок болгон.

Аталган маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун 1982-жылы туулган Т.Т., 2004-жылы туулган Т.А. жана Базар-Коргон районунун 2004-жылы туулган Э.А. аттуу тургундары кармалып, сот тарабынан 1 жарым айга камакка алынышты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан