Биз социалдык тармакта

Төө-Ашуу ашуусунда киргизилген убактылуу чектөө алынды

Бүгүн, 27-февралда Төө-Ашуу ашуусунда убактылуу киргизилген чектөө алынды, жол ачык. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ашуунун 132-чакырымында 4 снаряд, 133-чакырымда 4 снаряд жана 135-чакырымда 4 снаряд атылып, кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин жыйынтыгында кар көчкү түшкөн жок.
"Сосновка" постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө саат 12:10дон тарта алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан