
Кызыл-Кыя шаарында алдамчылыкка шектелген жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы жигит былтыр декабрда Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн сатуучуларынан Кытайдан онлайн үй буюмдарын алып келип берүү шылтоосу менен жалпы 200 миң сом акча каражатын онлайн котортуп алып, изин жашырып кеткен. 6 адам анын алдамчылыгынын курмандыгы болгон.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.