Биз социалдык тармакта

Өлкөдө өткөн жылы жаңы курулган мектептердин саны айтылды 

Өлкөдө 2025-жылы 76 жаңы мектеп салынып, 41 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, жүргүзүлгөн курулуш иштеринин натыйжасында кошумча 17 000 окуучуга орун түзүлдү.
Акыркы беш жыл ичинде жалпы 673 объект, анын ичинен 394 мектеп, 147 бала бакчанын курулушу, 114 мектеп жана 18 бала бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү.
Маалымат үчүн: Учурда Кыргызстанда 2394 жалпы мектеп иш алып барууда. Анда 1 536 633 окуучу билим алууда. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 45 800 окуучуга көп.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан