Лондондук “Челси” футболдук клубу испаниялык жарым коргоочусу Хуан Матаны “Манчестер Юнайтедге” 40 миллион еврого сатууга макул болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда англиялык басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мата жакын арада “Манчестер Юнайтеддин” курамына өтүшү мүмкүн. 25 жаштагы футболчу үчүн лондондук клуб 40 миллион евро алат. Эгер келишимге кол коюлcа, анда Мата аптасына 150000 еврого жакын маяна алат.