Биз социалдык тармакта

Байсалов: Акыркы төрт жылда спорт тармагын каржылоо кескин өстү

Бүгүн, 27-февралда президент Садыр Жапаров төрагалык кылган республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2025-жылдагы социалдык тармактын жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады.

Анын айтымында, тармакты реформалоонун алкагында президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Өз алдынча мамлекеттик органды түзүү башкарууну борборлоштурууга, программаларды координациялоону күчөтүүгө, спорттук инфратүзүмдү ылдам өнүктүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык аренадагы өкүлчүлүгүн жогорулатууга шарт түздү.

Каржылоонун өсүшүнө өзгөчө көңүл бурулду: 2021-жылы спорт тармагына болжол менен 953 миллион сом бөлүнсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 2,6 миллиард сомго жетип, 2,7 эседен ашык көбөйдү.

Эл аралык мелдештерге катышуу да кыйла жогорулады. Эгер 2021-жылы өткөн II Өспүрүмдөр Азия оюндарында Кыргызстандан 14 спортчу катышса, 2025-жылы Бахрейнде өткөн III Өспүрүмдөр Азия оюндарында 145 спортчу күч сынашты. Бул он эседен ашык өсүш спорттук резервди даярдоодо системалуу иш жүрүп жатканын жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейгенин көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан