Биз социалдык тармакта

Бишкектеги көчөдө жаранды сабап кеткен шектүүлөр кармалышты (видео)

Бишкек шаарынын Свердлов районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү үч жаран кармалды. Бул боюнча 28-февралда райондук милиция кабарлады.

«102» кызматына 12-февралда Шаардык клиникалык ооруканасынан эркек киши башынан жаракат алып комага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүдө Т.М., аттуу жаран Бишкектеги Курманжан датка көчөсүндө оозеки чыр-чатактын жүрүшүндө белгисиз адамдар тарабынан сабалганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 35 жаштагы үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары улантылууда.


Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан