Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларда 28-февралдан 5-мартка чейин кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Гидрометеорология кызматы кабарлады.
Төмөнкү аймактарда кар көчү түшүү коркунучу бар:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдары,
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдары (Чапчыма ашуусу),
- Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдары (Долон ашуусу),
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл