Бүгүн, 28-февралда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду.
Министрлик билдиргендей, иш-чарага курулуш министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, архитекторлор жана райондун тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө жаңы имарат – бул жөн гана административдик жай эмес, аймактагы архитектуралык сапатты аныктаган маанилүү объект экенин белгиледи.
Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду. Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар.
Белгилей кетсек, аталган башкармалыктын кызматкерлери буга чейин 1952-жылы турак үй багытында курулган имаратта иштеп келген.