Албаниянын Тирана шаарында өткөн "MUHAMET MALO-2026" рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бейшекеев жарым финалга чейин ийгиликтүү чыгып, үчүнчү орун үчүн беттеште казакстандык Алматбек Аманбекти тушеге салып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.