Бишкек шаарында 3-марттан тартып жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу 2-мартта шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электробустар Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин тейлейт. Каттамдын кыймыл багыты Алыкулов көчөсү, Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.
Ошондой эле, мэрия каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөрүн билдирет.