Бишкек шаарындагы айрым конуштарда 5-март күнү оңдоо иштерине байланыштуу таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган күнү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштары.