Бишкектеги Old Bishkek долбоорунун алкагындагы курулуп жаткан Шопоков жана Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосундагы жер астындагы өтмөк ачылды. Бул тууралуу аталган долбоордун социалдык тармактагы баракчасында кабарланган.
Андагы маалыматка ылайык, бул азырынча техникалык ачылыш. Жакын арада лифттер ишке берилип, жер алдындагы унаа токтотмо жайы ачылары айтылды.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине салынган үч кабат имараттын курулушу мэрия тарабынан токтотулган. Мэрия шаар куруу эрежелери бузулуп, баштапкы долбоор өзгөрүп кеткенин белгилеген.