Биз социалдык тармакта

Өткөн жылы жаратылышты коргоодо кандай иштер аткарылды? 

Өлкөдө 2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу 2-мартта Жаратылыш министрлиги билдирет.
Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу аныкталып, 3 миллион 907 миң 500 сом айып салынды. Анын ичинен 3 миллион 594 миң 500 сом өндүрүлдү.
Аткарылган иштердин тизмеси:
  • Ысык-Көл акваториясында 99 рейд жүргүзүлүп, 63 айып салынды (335 500 сом). Анын негизинде 3 038 162 сом доо коюлуп, 2 371 893 сом өндүрүлдү. 30 600 метр синтетикалык тор жок кылынды,
  • Соң-Көл акваториясында 100 рейд өтүп, 98 мыйзам бузуу катталды. 308 000 сом айып салынып, 3800 метр тор алынган. Жалпысынан мыйзамсыз орнотулган 56 900 метр синтетикалык балык торлору алынган,
  • "Манас" эл аралык аэропорту аймагынан мыйзамсыз атылган канаттууларды алып өтүү фактысы аныкталып, 265 500 сом доо толугу менен өндүрүлдү,
  • "Достук" өткөрмө посту аркылуу 200 даана деңиз таш бакасы кармалып, Ош шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди,
  • 1267 рекреация объекти инвентаризацияланды.
  • Облус боюнча 226 саркынды сууларды тазалоочу курулма иштеп жатат, 868 конок үйдө тазалоочу курулма жок экени аныкталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан